Сауд Арабиясынын эки ири мунай кенинде өрт чыкты

Өрттөн кийинки тартылган сүрөт. 14-сентябрь, 2019-жыл.

14-сентябрга караган түнү Сауд Арабиясынын эки ири мунай кенинде өрт чыкты. Мамлекеттин Ички иштер министрлиги кырсыкка дрон чабуулдары себеп болгонун билдирди.

Букайк деген жердеги мунай чыккан жайлар дүйнөдөгү эң ири кен катары белгилүү. Перс булуңу аркылуу дүйнө базарына жеткириле турган мунайдын чоң бөлүгү ушул жерлерден алынат.

Өкмөткө караштуу «Aramco» мунай компаниясы өрттүн себептери тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп бере элек.

Сауд Арабиясындагы мунай кендерине дрон чабуулдары алгач ирет коюлуп жаткан жок. Быйыл май айында «Чыгыш-Батыш» мунай куурунун эки насос станциясына дрон сокку урган. Андан сегиз станцияда өрт чыгып, бат эле өчүрүлгөн. Чабуулду Йемендеги Иран колдогон хусит жоочулары уюштурганы айтылган.