Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 кг. чейинки салмакта алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалда утулуп калды. Биринчи болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, экинчи беттешинде жапониялык балбан Шиноби Отага жеңилди. Эми Шаршенбеков көңүл жубатуучу күрөшкө чыгат.
Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) таймаштарын байгесиз жыйынтыкташты.
55 килограммга чейинки салмактык бөлүктө килемге чыккан кыргыз балбаны Асан Сулайманов орусиялык балбан Виталий Кабалоевге 9:0 эсебинде жеңилди. Балбан Руслан Царев египеттик Насан Ахмад Мохамедди 9:1 эсебинде жеңип, 1\8 финалында венгриялык Балинт Корпасиге жеңилип калды. 82 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Калидин Асыкеев армениялык Максим Манукиянга 4:1 эсебинде жеңилди.
Кыргызстандан баргандардын арасында Каныбек Жолчубеков, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова ж.б. бар. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. (GT)