Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларын узартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги орусиялык 170 расмий адамга, Орусия колдогон украиналык жикчилдерге жана 44 мекемеге каршы санкцияларды дагы жарым жылдык мөөнөткө расмий узартты. 4-сентябрда шаркеттин элчилери жазалоочу чараларды дагы узартуу тууралуу макулдашкан.

«Кара тизме» 2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын басып алгандан кийин түзүлүп, Москва коңшу өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди колдоосун улантып жатканына байланыштуу улам кийинкиге узартылып келди.

Биримдик аймагына виза бербөө, банк эсептерин камакка алуу өңдүү санкцияларга туш болгондордун арасында Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов, вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин, журналист Дмитрий Киселев жана башкалар бар. Тизмеге Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл аскерлер, Крымдагы компаниялар камтылган.

Шаркеттин өкүлдөрү Орусия Донбасстагы жаңжалды токтотууну көздөгөн Минск келишимдерин аткарса, айрым санкциялар жеңилдетилет же алынат деп билдиришүүдө.