Өкмөт башчы жаңы билим берүү министри Каныбек Исаковду жамаатка тааныштырды

Мухаммедкалый Абылгазиев министр Каныбек Исаковду жамаатка тааныштырып жаткан учуру.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы дайындалган министр Каныбек Исаковду тааныштырды.

Абылгазиев билим берүү тутумунда маанилүү реформаларды ишке ашырыш үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды киргизүү жана билим берүүгө инвестиция салууну күчөтүү зарыл экендигин айтты.

- Ошондой эле мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жолу менен билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зор мааниге ээ. Биз билим берүүгө каражат жумшоо аркылуу келечекке салым кошобуз. Билим берүүгө жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономика жана күчтүү социалдык чөйрөнү камсыз кылат, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 11-сентябрдагы буйругуна ылайык Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Исаковду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылып, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген. (ErN)