Кытайда белгиленчү «Ай майрамына» байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 13-сентябрдан 15-сентябрга чейинки аралыкта жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматы ушундан улам «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары жабыларын билдирди.
Майрамдан кийин, 16-сентябрдан тартып аталган пункттар жарандар жана транспорт үчүн кадимки тартипте иштеп баштайт. (BTo)