Сегиз айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү азайды

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,8 миллиард долларды түзүп, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9% азайды. Бул тууралуу баштапкы тактоо жүргүзгөндөн кийин Улуттук статистика комитети билдирди.

Мунун ичинен экспорт 9,1% көбөйүп, импорт 11,8% азайды.

«Азаттык» мурдараак 2019-жылдын алгачкы жарымында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү артка кеткен себептерин иликтеп чыккан эле.

Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде, 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 7 миллиард 128,8 миллион доллар болгон. Мунун 1 миллиард 836,8 млн. доллары экспортко туура келет. (ErN)