Британияда мөөнөтсүз шайлоо өтпөйт

Британ өкмөт башчысы Борис Жонсон.

Британ парламентинин төмөнкү палатасы, 10-сентябрга караган түнү экинчи ирет, өкмөт башчы Борис Жонсондун мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушун четке какты. Бул Британиянын Евробиримдиктен бөлүнөрү каралган 31-октябрга чейин, өлкөдө эч кандай шайлоо өтпөйт дегенди айгинелейт. Жонсон октябрдын соңуна чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган. Эми парламент 14-октябрга чейин «мажбурланган эс алууга» кетет. Ханыша Елизавета II 9-сентябрда, өкмөт Евробиримдиктен келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгышына тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Мыйзам өкмөттү 18-октябрда өтө турган Еврокеңештин жыйынында, Евробиримдик менен келишимге жетишүүгө милдеттендирет. «Reuters» маалымдагандай, эгер бул сунушту Брюссель четке какса, Британиянын премьер-министри Брекзит жараянын 2020-жылдын 31-январына жылдырууну өтүнүшү керек.