Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 7-сентябрь күнү Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 71 жаштагы тургунунун киши колдуу болгон сөөгү өз үйүнөн табылган.
Милиция үй жарым жартылай күйгөндүгүн жана аялдын далысына тогуз ирет учтуу буюм менен сокку урулганын аныкташкан.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тийиштүү экспертизалык иш-аракеттерин жасашты. Кылмыш фактысы Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Киши колдуу болгон аял киши сыныкчы-табып болгон. Ага көп адамдар келип-кетип жүргөндүктөн милиция ар тараптуу версиялардын үстүнөн иш алып барып жатканы белгилүү болду. Кылмыштын бетин ачуу боюнча тажрыйбалуу адистерден куралган атайын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. (MdN)