Бишкекте Комуз күнү белгиленет

Көчмөндөр оюндарындагы комузчулар.

Бүгүн 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата, Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү" аттуу илимий-практикалык конференция, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында эскерүү иш-чарасы өтөт. "Комуз — улуттук сыймык" аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү Кыргыз улуттук филармонияда болот. Иш-чаралар “Таңшы комуз” аттуу концерт менен жыйынтыкталат.

Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленүүдө. Бул күндү утурлай башка облустарда дагы иш-чаралар уюштурулду. Оштогу Алымбек Датка этнографиялык комплексинде 500 комузчу "Маш ботой" күүсүн чертишти.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл июлда кол койгон жарлыкка ылайык, "9-сентябрь - Кыргызстанда Комуз күнү" - деп белгиленген. (КЕ)