Эки адамды катуу сабагандар эки айга камалды

Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков эки айга камалды. Алардын бөгөт чарасын 7-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту карады. Кылмышка шектүүлөр №1 убактылуу тергөө абагына жеткирилди.

Бишкек шаардык милициясы издөөгө алынгандар 6-сентябрь күнү, таңга жуук кармалганын билдирген. «Жалбырак ТВ» каналы тараткан видеодо болсо алар милицияга өз эрки менен келгени тартылган.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов алар ушул иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатышканын билдирген. Ушул себептен улам кылмыштын мотиви да белгисиз болуп жатканын айткан.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башка-көзгө тепкилеп, мыкаачылык менен кайра-кайра тээп жатканын көрүнөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

5-сентябрда Жал кичирайонунда болуп өткөн бул мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну тартип сактоо органдарынан талап кылышкан.

Шектүүлөр кармалган күнү аларды окуя болгон күнү кармап, кайра коё берген милиция кызматкерлери дагы кармалган. Ленин райондук прокуратурасы ал фактыны Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. (КЕ)