АКШ сенаторлору Сербия менен Косовону диалогду жандантууга чакырды

Белграддагы "Косово - бул Сербия" графитиси. август, 2019.

АКШ сенаторлору Сербия менен Косовонун бийлигине кайрылып, өз ара мамилени жакшыртуу үчүн диалогду калыбына келтирүүгө чакырды.

Бул тууралуу демократ Крис Мёрфи жана республикачыл Род Жонсон 6-сентябрда Белградда Сербиянын президенти Александр Вучич менен сүйлөшкөндөн кийин билдиришти. Вучич жолугушууда Сербиянын товарларына 100% тарифти алып салуу шартын атаган.

Мурда Сербиянын провинциясы болгон Косово 2008-жылы өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган. Анын өз алдынчалыгын дүйнөнүн 110дон ашык өлкөсү тааныган. Сербия аны дагы эле өз аймагы деп эсептейт. Азыр экөө тең Евробиримдикке кирүүгө умтулууда. Бул үчүн эки тарап тең мамилесин жөнгө салууга тийиш.

Эки өлкөнүн мамилеси Приштина серб товарларына 100 пайыз төлөм киргизгенден кийин кайра курчуду. Косово бийлиги муну Белграддын “жаш өлкөнү” жок кылуу аракетине жооп катары баалап жатат.