Аманкулов Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды

Мирслав Аманкулов.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Мирслав Аманкулов дайындалды.

Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Аманкулов Маданият, маалымат жана туризм департаментине караштуу «Витязь» мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеген.

Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикти 2010-жылы да жетектеген. Ал мекеменин мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин тарапкерлеринин митингинен кийин иштен алынган.

Агенттиктиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамов 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган. (КЕ)