Кой-Таш боюнча комиссияда эки жумушчу топ түзүлдү

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйыны.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жыйында Кой-Ташта болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары комиссия окуя боюнча Юстиция министрлигинин маалыматын укту. Кийинки отурумда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматын угушат.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)