Ара төрөлгөн, жүрөгү оорукчан балдар көбөйүүдө
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көлдөгү №1 төрөт үйү жылына 5 миңге жакын ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине жардам берет. Бирок акыркы жылдары жаш энелердин саламаттыгы начар болгондуктан ара төрөлгөн, жүрөк кемтиги менен жарык дүйнөгө келген балдар көбөйүп баратканын айтып, дарыгерлер коңгуроо кагышууда. Өз саламаттыгына кайдыгер мамиле кылып, эч даярдык көрбөй төрөт үйүнө барган жаш энелер көп.