ИИМ: Батукаевдин иши тергелип бүттү

Азиз Батукаев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганын жарыялады. Министрликтин бүгүн, 5-сентябрда тараткан маалыматына караганда, учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда.

Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. (BTo)