Нарын: Кеңеш айылына мектеп салыш үчүн банктык эсеп ачылды

Контейнерде окуп жаткан балдар, Нарын.

Активисттер Кеңеш айылындагы мектептин жаңы имаратын курууга акча чогулта башташты. Бул үчүн банктан эсеп ачылганын жеке ишкер Жамалбек Ырсалиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, социалдык тармакта жаңы имарат салыш үчүн демилге көтөргөндөр эртең 5-сентябрда чогулуп, ким кандай жардам берери талкууланат.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү окуучулар контейнерден куралган мобилдик үйдө билим алып жаткан Кеңеш айылында жаңы мектеп салына турганын билдирген. Маалыматка ылайык, Кеңеш айылындагы мектептин имараты эскилиги жеткендиктен окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуучуларга мобилдик үйлөрдө билим берилсин деген чечим кабыл алган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат.

Буга чейин социалдык тармактарда Кеңеш айылындагы контейнерде билим алып жаткан окуучулар боюнча сүрөт талкууланып жатат. (MiK/KE)