Көлдө Асрандиевди коштоп бараткан Нарынбек Кемелов табылды (видео)

Нарынбек Кемелов (ортодогу).

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө сүзүп баратканда аны коштоп жүргөн Нарынбек Кемелов табылды.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматында, 36 жаштагы Нарынбек Кемелов Ысык-Көлдү сүзүп өтүп бара жаткан Эркин Асрандиевди желим кайык менен коштоп бараткан. Бирок катуу толкундан улам ал көл үстүнөн Асрандиевди таппай калган.

Үч кеме менен издөө иштерине чыккан куткаруучулар, суучулдар Нарынбек Кемеловду көлдүн ортосунан аман-эсен табышты.

Аким анын кайыгынын жели чыгып калганын да кошумчалады. Азыр издөө иштери уланууда. Окуяга байланыштуу атайын ыкчам штаб түзүлдү.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин дайыны чыкпай жатат. Ал 31-августта Ысык-Көлдүн бир тарабынан экинчи жагына сүзүп өтмөкчү болгон.

Журналист Тынчтык Алтымышов «Фейсбуктагы» баракчасына Асрандиев сүзүп баратканда катуу толкун болуп, жанындагы жандоочтору таппай калышканын жазган.