Москвадагы митингде кармоо болгон жок

31-августта Москвада таза шайлоо жана саясий куугунтукка каршы митинг Пушкин аянтында аяктады.

Айрым кишилер шаардын борбордук көчөлөрүндө дагы жүрүшкө чыкты. Митингдин катышуучуларынын жана байкоочулардын айтымында, ага 4000ге чейин киши катышты. Ал эми Москва шаардык ички иштер бөлүмү 750 киши акцияга чыкканын билдирди.

Акция жергиликтүү бийлик менен макулдашылган эмес. Бул жолу укук коргоо органдары эч кимди кармаган жок.

27-июлда жана 3-августта өткөн акцияда 2000ден ашык киши кармалып, полиция күч колдонгон. Массалык башаламандык уюштурду деген берене менен кылмыш иштери козголгон.

Орусиянын баш калаасында көз карандысыз активисттердин 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуусуна уруксат берүүнү талап кылган митингдер июль айынан бери өтүп жатат. Соңку митинг 10-августта өтүп, ага 60 миңге чукул киши катышкан. (TSh)