Ирандын мунай танкери багытын өзгөрттү

Adrian Darya 1 танкери Гибралтарда. 18-август 2019-жыл

Ирандын мунай танкери багытын өзгөрттү. Бир нече жумадан бери америкалык кемелер Жер Ортолук деңизинде ага байкоо салып турушкан. Мурда "Grace 1" деп аталган "Adrian Darya 1" танкери Түркиянын Мерсин портуна багыт алганы тууралуу маалыматты автоматташтырылган системага киргизген. Бирок деңиздеги кемелердин кыймылына көз салган сайт 29-августта Түркия жана Кипр ортосунда жүргөн танкер бурулуп, батыш тарапка жол тартканын көргөздү.

Кошмо Штаттар кеме Ирандын революция сакчылары корпусу менен байланышы бар деген негизде аны камакка алуу буйругун чыгарган. Корпусту Вашингтон террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

130 миллион долларлык кара май тартып бараткан "Adrian Darya 1" Евробиримдиктин санкцияларын бузуу менен Сирияга мунай ташууда деген шек менен 4-июлда Гибралтардын жээгинде кармалган.

19-августта Сирияга барбайт деген убададан кийин кемеге Британиянын аймагынан чыгып кетүү уруксаты берилген.

26-августта Иран андагы 2 миллион баррел кара май сатылганын билдирген.

Вашингтон менен Тегеран ортосундагы чыңалуу былтыр майда АКШ эл аралык ядролук келишимден чыккандан кийин күчөдү.

Ислам жумуриятынын экономикасы санкциялардан улам жапа чегип келе жатат.

Июлда Тегеран 2015-жылы түзүлгөн келишимдин алкагында, өзүнө алган айрым милдеттенмелеринен баш тарта тургандыгын билдирген.