Оштун вице-мэрине 17 500 сом айып пул салынды

Жасур Азимов.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго мас абалда машине айдаганы үчүн 17 500 сом айып пул салынды. Аны ал бир ай ичинде мамлекетке төгүшү керек экенин Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шайыр Шакиров билдирди. Протокол өз убагында түзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жасур Азимов Оштун борбордук аянтында мас абалында машине айдап, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен мас абалында кер-мур айтышканы тартылган видео Интернетке тараган. Мэриянын басма сөз кызматы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, Азимов рулда отурбаганын кабарлаган. Окуя 24-августта кечинде болгон.

Тасмада Азимов Ташкенттен келген конокторго шаар көрсөтүп жүргөнүн айткан. Шайыр Шакиров аны видеого тартып таратып жиберген тартип сакчысынын жоругунун этикалык жагы да караларын кошумчалады.

Жасур Азимов Ош шаарынын муниципалдык менчик жана курулуш тармагын тескөөчү вице-мэри болуп 2018-жылдын октябрь айында дайындалган. (SE)