Орусиялык эки агенттик украиналык режиссер Олег Сенцов алыскы Ямал-Ненецк аймагындагы түрмөдөн Москвага которулганын маалымдады. ТАСС жана «Интерфакс» атын атабаган булакка таянып, Сенцов баш калаадагы «Бутырка» деген аталыш менен белгилүү тергөө абагына жеткирилгенин 29-августта жазышты.
Мурунку күнү Украинанын соту орусиялык журналист Кирилл Вышинскийди камактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Киев менен Москва абактагы жарандарын айырбаштоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келатышканы буга чейин маалымдалган.
2014-жылы Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышына ачык каршы чыккан Сенцов «Террорчулук» беренеси боюнча коюлган айыптардын негизинде 20 жылга кесилген. Ал өзү жана колдоочулары дооматтарды четке кагышууда.