Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды

Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Анын бөгөт чарасы 27-августта кечинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Анын алдында Аскер прокуратурасына беш саат сурак берип чыкканын адвокаты билдирди.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун айткан.

Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Асановго адвокаттык кылып жаткан Икрамидин Айткулов алдамчылык боюнча шектүү катары 22-августта кармалып, анан үй камагына алынган.

Коомчулукта бул жагдай ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Курсан Асановдун өз ара тиреши катары да бааланууда. (SE)