Москвада «Кыргызстан Евразия биримдиги үчүн» деген иш-чара өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада 31-августта «Кыргызстан Евразия биримди үчүн» деген аталыш менен этномаданий иш-чара өтөт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдиргендей, ага миңдей конок келет.

- Жети-сегиз боз үй тигилет. Мамлекеттик Думанын депутаттары, КМШ мамлекеттеринин элчилери чакырылды, - деди ал.

Маданий жыйынды элчилик жана Орусиядагы кыргыз диаспорасы Кыргызстандын эгемендик майрамына карата уюштурууда.

Кыргызстан 1991-жылы СССРден бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. 31-августта эгемендиктин 28 жылдыгы белгиленет. (SE)