Трамп: Зариф менен жолугууга азырынча эрте

АКШ президенти Дональд Трамп. 26-август, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф менен жолугууга азырынча «өтө эрте» экенин билдирди. Экономикасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттер мүчө болгон «Чоң жетинин» саммити өтүп жаткан Беаррица шаарына Зариф бир күн мурда күтүүсүздөн барган.

- Мен чындыгында жакшы, күчтүү Иранды көргүм келет. Биз режимдин алмашышын каалабайбыз. Силер режим соңку 20 жыл аралыгында кантип иштей турганын көрдүңөр, бул өтө жакшы эмес. Ирандын өнүгүп, чыныгы улуу мамлекет болууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар, - деп Трамп 26-августта, Жапониянын, Германиянын, Франциянын, Италиянын, Британиянын жана Канаданын жетекчилери менен жолугушуусун жыйынтыктап жатып баса белгилеген.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин кыскарта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.