«Чоң жетинин» саммиттинде Амазон токойлорундагы өрт талкууланат

«Чоң жетинин» курамындагы мамлекеттердин лидерлери жана алардын жубайлары. 25-август, 2019-жыл.

«Чоң жетинин» курамындагы өнүккөн мамлекеттердин лидерлери 26-августта Франциянын Биаррица шаарындагы саммитти дүйнөлүк маселелерди, анын ичинде Амазонканын тропикалык токойлорундагы өрттү талкулоо менен жыйынтыкташат.

Бул топко АКШ, Жапония, Германия, Франция, Италия, Британия жана Канада кирет.

Тропикалык токойлорду жок кылып жаткан рекорддук сандагы өрттүн тутанышы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.

Көп адамдар Бразилиянын президенти Жаир Болсонаруну экологияга каршы сөздөрү жана Амазонканы жок кылууга мүмкүнүчүлүк түзүп бергени үчүн айыптап жатышат.

Биаррицадагы үч күндүк саммиттин экинчи күнүндө бул шаарга күтүүсүздөн Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф барып, француз кызматташы жана президент Эммануэл Макрон менен жолукту.

Алар Тегерандын өзөктүк программасы боюнча «конструктивдүү» сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Француз өкмөтү да сүйлөшүүлөрдү «жакшы» деп мүнөздөп, бул багытта талкуулар улантыларын билдирди.