ЖЭБ боюнча сот Исаковдун келбегенине байланыштуу жылдырылды

Сот учурунда тартылган сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо 28-августка жылдырылды. Ага айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу соттук жараянга жеткирилбегени себеп болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Исаков 16-августтан бери Улуттук госпиталда жатат. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган. Бир нече дарыгер Исаковду текшерүүдөн өткөргөндөн кийин консилиум болуп, аны №2 неврология бөлүмүндө дарылоо жөнүндө сунуш түшкөн.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча Сапар Исаковдун абалы «жакшы эмес». Анын айтымында бүгүн, 26-августта дарыгерлер кошумча текшерүү өткөрөт. Ошонун жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат.

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тарткан.

ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. (КЕ)