25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

25-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 30…32°.

Чолпон-Атада түнкүсүн өткүн өтүп, жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот.