Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн Ысык-Көлдө өткөн мугалимдердин Август кеңешмесинин жүрүшүндө айтты.
Анын айтымында, мугалимдердин жетишсиздиги өзгөчө так илимдер боюнча предметтерди өтө турган мугалимдер арасында байкалууда. Кудайбердиева бул маселени, жогорку окуу жайларда бюджеттик орундарда билим алып жаткан студенттердин эсебинен чечүү каралып жатканын кошумчалады.
“Министрлик тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында, быйылкы жылы бюджеттик орундан 1 431 бүтүрүүчү айылдарга барат" - деди министр.
Кеңешменин жүрүшүндө саламаттыгына байланыштуу үйдө отуруп билим алган, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу балдардын саны үч эсеге көбөйгөнү белгилүү болду. 2018-жылы мындай балдардын саны 480 болсо, быйыл 1200дөн ашык бала экени аныкталды.
Бул маселени натыйжалуу кылып чечүү үчүн министр Кудайбердиева билим берүү жаатындагы нормативдик-укуктук базаны өзгөртүүнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.