Прокуратура: Карамушкина барымтага алуу боюнча шек саналууда

Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмзабек Атамбаевдин бөгөт чарасын кароо маалында. Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Анын маалыматына ылайык, башкы прокурор Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама берди.

Буга чейин депутат Карамушкина 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу күбө макамынан шектүү макамына өзгөртүлгөнүн жазып чыккан эле. Ал мындай аракетти укуктук башаламандык жана бийликтин чектен чыккандыгы катары баалаган.

Ирина Карамушкина 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (BkA)