Кабул: үйлөнүү үлпөтүндөгү кол салуудан өлгөндөрдүн саны 80 кишиден ашты

Жанкечтинин кол салуусунан дагы ондогон киши жаракат алган.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Насрат Рахими жанкечтинин соңку кол салуусунда өлгөндөрдүн саны 80ден ашканын маалымдады.

Кандуу окуя 17-августта Кабул шаарынын чок ортосунда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жайда болгон. Ошол күнү 63 адам мерт болуп, дагы 180ден ашык киши жараат алган. Чабуулду «Ислам мамлекети» террордук уюму уюштурганын мойнуна алган.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууну кескин айыптаган жана бул уюмдун мүчөлөрү башпаанек кылган жайлардын баарын жок кылууга убада берген.

Соңку кол салуу жыл башынан берки эң кандуу окуя болуп калды. Ал Вашингтон менен «Талибан» кыймылы Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу тууралуу макулдашып жаткан маалга туш келди.