Жээнбеков эки күн Нарынды кыдырат

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

21-22-августта Нарындагы сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Аймактын инфратүзүмдүк жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.

Ошондой эле Жээнбеков Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Стамалиева белгилегендей, президент өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.