Трамп Индиянын жана Пакистандын лидерлери менен сүйлөштү

Кашмирдеги индиялык жоокерлер.

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-августта Индиянын жана Пакистандын премьер-министрлери менен телефондон сүйлөштү.

Ак үй билдиргендей, Трамп Индиянын талаштуу Кашмир аймагынын автономия макамын жокко чыгарган чечиминен соң Түштүк-Чыгыш Азиядагы чыңалууну басаңдатууну көздөйт.

Нью-Дели премьер-министр Нарендра Моди Трампка Пакистан Индияга карата ачуу, курч сөздөрдү айтып жатканын белгилеген.

Ал эми Пакистандын бийлиги маалымдагандай, өкмөт башчы Имран Хан Трамп менен сүйлөшүүдө Нарендра Модинин Кашмирди автономия макамынан ажыратуудагы максаты - Индиядагы мусулмандар көп жашаган жападан-жалгыз штаттагы демографиялык катышты өзгөртүү экенин айткан.

5-августта Индия өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөдү. 17-августта Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районунда эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу да болду.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.

Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.