Усубалиев: Сүрөттөр жасалма чыккан музей ишинде жыйынтык чыкпай жатат

Сүрөт музейи.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жоголгон сүрөттөрдүн жана мурдагы директор Юристанбек Шыгаевдин тегерегинде түзүлгөн эксперттик комиссия бул иштен жыйынтык чыгарууну күч түзүмдөрүнөн өтүнүп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы, комиссия жетекчиси Таалай Усубалиев билдирди. Комиссия буга чейин 250 сүрөттү текшерип чыккан. Музейдеги калган төрт миңден ашуун живопись менен графиканы күз айларында текшерүү пландалууда.

- Комиссия чогулткан материалдарды УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына өткөрүп берген, - деди ал. - Мындай кийинкисин алар териштириш керек. Комиссия мүчөлөрү төрага катары менден сурап жатышат. «Биз текшерүүнү улантабыз, бирок жыйынтык чыкпаса анын кереги эмне?» дегендер да бар.

Буга чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги баалуу эки сүрөттүн жасалма экени июлдун башында аныкталган.

Музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев бул жыйынтыкты четке кагып, «Азаттыкка» комиссия бир тараптуу иштеп жатканын билдирген болчу.

Буга чейин музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Ошондон кийин Шыгаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. (КЕ)