Пакистан: индиялык жоокерлер Кашмирде эки жайкын тургунду өлтүрдү

Кашмирдеги Индиянын жоокерлери.

Пакистандын бийлиги Индиянын жоокерлери Кашмирдин талаштуу районунда эки жайкын тургунду атып өлтүргөнүн, дагы бир адам жарадар болгонун кабарлады.

Эки өлкөнүн жоокерлери Гималай аймагында маал-маалы менен атышып турат, бирок кагылышуу Индия өкмөтү Кашмирди өзгөчө автономия макамынан ажыратарын айткандан бери күчөдү.

Нью-Дели коопсуздук чаралары катары Гималай аймагындагы уюк телефон, үй телефон, Интернет байланышын жана телеканалдарды өчүрүп койгон жана жарандардын ары-бери жүрүүсүн чектеген.

Ушул айдын башында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын билдирген. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан тутанган.