Батукаевдин иши: Ирина Цопова үй камагына чыкты

Ирина Цопова (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камакта жаткан дарыгер Ирина Цопова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Цопова Батукаевдин кайра жандандырылган иши боюнча май айында камакка алынган.

Кримтөбөлдүн абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болуп жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө. Алардын ичинен мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу кызматынын башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болуп, 15-августта үй камагына которулган. Ушуну менен Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана абакта отурат.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. (BTo)