Трамп кытай лидерин Гонконгдогу демонстранттардын үнүн угууга үндөдү

Гонконгдо бийликке каршы нааразылык акциялары июнь айында башталган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Гонконгодо эки айдан ашык убактан бери тынбай нааразылык акцияга чыгып жаткандар менен жолугушууга чакырды.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына: "Эгер президент Си каршылыкка чыккандар менен өзү жеке жолукса, Гонконгдогу көйгөйлөрдүн аягы жакшы жана жаркын болуп чечилмек" деп жазды.

АКШнын президенти кийинчерек журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Си нааразылыкка чыккандар менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшсө, маселени 15 мүнөттүн ичинде эле чечип салат деп мелдешүүгө да даярмын. Бирок ал мындай кылбай турганын да билем", деди.

Трамптын бул билдирүүсүнүн алдында Кытайдагы мамлекеттик маалымат каражаттары жана Гонконгдун Бээжинге ыктаган лидерлери "эгер кырдаал башкаруудан чыгып кетсе, Кытай кол куушуруп тим карап отурбайт", "толкундоолорду оңой эле басып салат" деген мазмундагы сөздөрдү байма-бай жарыялай башташкан эле.

Ал арада кытай өкмөтү 16-августта Гонконгдогу каршылык акцияларын токтотууда 1989-жылы Бээжинде Тяньаньмэнь аянтындагыдай кандуу окуялар кайталанбайт деп убада берди.

Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

Өткөн аптада Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу эскерткен.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.