Серикжан Билаш Нур-Султандан Алматыдагы үй камагына которулду

Серикжан Билаш.

Казакстанда март айынан бери үй камагында отурган «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билашты 15-августта борбор шаардан Алматыга алып келишти. Өткөн айдын аягында Нур-Султан шаарында Билаштын соту башталган жана анда судья айыпталуучунун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, сот жараянын Алматыга которууга макул болгон.

Серикжан Билашка быйыл март айында «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ал кезде жарандык активист Кытайдагы казактардын абалына байланыштуу байма-бай маселе көтөрүп, жыйындарды өткөрүп жүргөн. Билаш өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

Казакстанда Билашты биротоло актап, бошотууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.

Шиңжаңда миңдеген адамдар, алардын арасында казактар жана кыргыздар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.

Казак жана кыргыз бийлик өкүлдөрү Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселеге кийлигишүүгө укугу жок экенин билдиришкен жана алар «кытай жарандары болуп саналарын» айтышкан.