ИИМдин орун басары болуп Памирбек Асанов дайындалды

Ички иштер министрлиги.

Памирбек Асанов ички иштер министринин (ИИМ) орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-августта кол койгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишеним жок болгону аныкталды» деп кызматынан бошотулду. Мындай чечимди Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы чыгарып, Башкы прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн жиберилди.

Андан тышкары ИИМдин буйругу менен Сапарбек Асаналиев Чүй облустук милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяда башынан оор жаракат алып, учурда Москвада дарыланууда. (BTo)