Шашылыш билдирүү:
Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 14-15-августтарда жана 16-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
14-16-августтарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
14-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.