Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын айтты. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди:
- Мен бул иштерди бүтүрүп, баарын отургузайын. Айрыкча менин кызматкерлеримди ургандардын баарын мыйзам чегинде отургузуп туруп анан кызматтан кетем.
Опумбаев 7-августтагы Кой-Таштагы окуялардан кийин президент Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетин билдиргенин 8-августта Жогорку Кеңештин кесексиз сессиясында айткан.
Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Опумбаевдин кызмат орду менен анын жоопкерчилиги кырдаал турукташкандан кийин караларын билдирген.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы үзгүлтүккө учурап, УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Андан тышкары «Альфанын» алты жоокери барымтада калып, бир нече кызматкери токмоктолгон.
8-августта Атамбаевди кармоо боюнча Ички иштер министрлиги экинчи операцияны жүргүзүп, жыйынтыгында мурдагы президент колго түшүп берген. (BTo)