ЖМК: АКШнын Түндүк Кореядагы өкүлү Орусияга элчи болушу мүмкүн

Стивен Биган.

Кошмо Штаттардын Түндүк Кореядагы дипломаты Стивен Биган Орусиядагы элчинин ордуна дайындалышы ыктымал. Мындай маалыматты «Reuters» жана «Vox News» маалымат агенттиктери Ак үйдөгү булактарына таянуу менен жазышты.

Бигандын талапкерлиги бекитилсе, Сенаттын макулдугу керек болот.

АКШнын Орусиядагы азыркы элчиси Жон Хантсмандын иш мөөнөтү быйыл октябрда аяктайт. Хантсман бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан.

Стивен Биган мурдагы президент Жорж Буштун тушунан бери Коопсуздук кеңешинде Орусия боюнча эксперт болуп иштеп келген. Акыркы жылы Пхеньянда АКШнын атайын өкүлү катары президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Ханойдо жолугушуусун даярдап, кийин кайра кездешүүсүн уюштуруп жаткан.

Орусия менен АКШнын алакасы 2014-жылы Украинанын жарым аралы Крымды Москва аннексиялап алгандан кийин оорлоп кеткен. АКШнын атайын кызматтары 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишкенин билдирип, 2020-жылы дагы аралашуусу ыктымал экенин билдирген. (ErN)