Нур-Султан шаарында саясий туткундарды бошотуу талабы менен митинг өттү

Камактагы саясатчыларды жана активисттерди бошотууну талап кылган акция. 12-август, 2019-жыл.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын бир катар Европа мамлекеттеринин элчиликтери жайгашкан районунда 20дай киши бийликтен камактагы саясатчыларды жана активисттерди бошотууну талап кылып акция өткөрдү. Алар «Саясий туткундарга эркиндик!» деген плакаттарды кармап, «Боштондук!» деп кыйкырып турушту.

Нааразылар «Казатомпром» ишканасынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишевди, акын-диссидент Арон Атабекти, жарандык активисттер Макс Бокаевди, Алмат Жумагуловду жана Кенжебек Абишевди бошотууну талап кылышты.

«Булар күнөөсүз адамдар. Аларды жөн эле абакта кармап турушат. Биз аларды тезинен бошотууну талап кылабыз», - деди акциянын катышуучусу Майгүл Садыгова.

Акыркы жумаларда камактагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен Казакстандын башка да шаарларында акциялар өткөн.