Орусия: курал кампасындагы жарылуудан бир адам өлүп, 32си жабыркаганы аныкталды

Ачинск шаарынын четинде жайгашкан курал-жарак кампасындагы жарылуудан 16 миң адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Орусиянын Красноярск аймагындагы Ачинск шаарынын четинде жайгашкан курал-жарак кампасындагы эки жолку жарылуудан бир киши өлүп, жалпысынан 32 адам жаракат алганы аныкталды. Красноярск аймагынын саламаттык сактоо мекемесинин 12-августтагы соңку маалыматына караганда, 5-августтагы алгачкы жарылууда бир киши көз жуумп, 14 адам жабыркаган. Ошондой эле 16 миң адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Ал эми 9-августтагы экинчи жарылууда 18 киши жаракат алган.

Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада артиллериялык курал-жарактар - 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу. Андагы өрт электр өткөргүчтөрдөгү учкундан келип чыкканы айтылган.