Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Ливиядагы кызматкерлери түшкөн автоунаага кол салууну айыптады. Өлкө чыгышындагы Бенгази шаарындагы кол салуудан БУУнун эки кызматкери курман болуп, үч киши жабыркады.
«Reuters» агенттиги ливиялык дарыгерлерге шилтеме берип жазгандай, курман болгондордун бири эл аралык уюмдун чет өлкөлүк кызматкери болушу мүмкүн.
БУУнун баш катчысы Ливиядагы каршылашкан тараптарды Курман айтка байланыштуу жарыяланган ок атпоо режимин сактоого чакырды. Уюм Ливияда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу керек экенин билдирүүдө.
2011-жылы Ливияда Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин бир топ куралдуу күчтөр өлкөгө үстөмдүк кылууга аракет кылып келет.
Триполи үчүн салгылашта апрель айынан бери эле 500дөн ашык адам ажал тапты, 75 миңдей киши үй-жайын таштай качты.