Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды

Валентина Шевченко.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады.

Беттеш Уругвайда өтүп, «UFC Fight Night 156» турниринин алкагында болду.

Ар бири беш мүнөткө созулган беш раундда Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

Валентине Шевченко Лиз Кармуш менен 2010-жылы беттешип, анда жеңилип калган эле.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон. Андан бери эки жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат. (BkA)