Бишкек-Торугарт жолунун боюна тигилген тогуз боз үй чечилип, чогулгандар тарады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди. Анын айтымында, 5-августтан бери нааразычылык акциясын өткөрүп жаткандар атайын комиссия түзгөн.
Облус башчысы Аманбай Кайыпов комиссияга ар бир айылдан бештен киши тартууну сунуш кылып, нааразылык акциясына чыккандарга эч ким тийбей турганын 10-августта Кара-Чий айылынын тушуна чогулган 300 кишинин алдында айткан болчу.(MiK)