Акимов: Бабанов бизнесин сактап калыш үчүн эле келди

Турат Акимов.

Талдоочу Турат Акимов «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга өз бизнесин коргоп калыш үчүн гана кайтып келди деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн «Азаттыкка» билдирди:

- Бир эле ой-максат менен келди – өзүнүн бизнесин сактап калуу. Анткени бизнес-империясы көзөмөлсүз кала берсе, бара-бара банкротко учурайт. «Эл үчүн, жерим үчүн» деп айта берет, албетте, себеби ал коммерсант киши. Шайлоодо каршы чыгып, саясий оппонент катары күрөшкөн эмес. Жөн эле качып кетип калган. Албетте, Сооронбай Жээнбековдон эл «сен ушундан баштайм дегенсиң» деп сурайт. Бирок анын баарын келишим түрүндө бүтүрүп койсо болот.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов болгон. Коомдук биринчи каналдагы теледебат учурунда алар эл алдында кайым айтышып, Жээнбеков Бабановго "президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм» деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Шайлоодо утулуп калгандан кийин Бабанов Москвага кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Бүгүн Бабанов Бишкекке кайтып келди. Ал аэропорттон эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз өткөнүн айтты. (RK)