Бабанов Бишкекте: Мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм (видео)

Өмүрбек Бабанов. 8-август, 2019-жыл.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке Москвадан учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери сүрөп тосуп алды.

Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал баарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.

- Мени эч ким тосуп текшерген жок. Мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм, - деген Бабанов Бишкекке жөнөп кетти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Ал 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. (BTo)