Кой-Таш: Милиция шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады

Кой-Таш. Атамбаевдин үйү. 7-август, 2019-жыл.

Чүй милициясы Кой-Таштагы окуялар учурунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин барымтага алды деп шек саналып жаткандардын сүрөтүн жарыялады.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаганына караганда, сүрөттөр социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеодон алынды. Мекеме ал адамдарды көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

«Айрымдарын таанып-тактадык, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат» деди милиция.

7-августта УКМКнын «Альфа» тобу кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн суракка алып кетүүгө аракет кылган. Атайын кызмат желим октон башка курал колдонулбаганын билдирген.

Атамбаев жашынып калып, анын тарапкерлери «альфачыларды» ур-токмокко алганы кабарланган.

Эртеси күнү Атамбаев алты жоокер анын үйүндө кармалып турганын тастыктап, түштөн кийин алар коё берилген.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча алты фактынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын, алардын бири барымтага алуу экенин маалымдаган.

Атамбаев 8-августта кармалды. Азыр ал УКМКда.

Жалпысынан 7-8-августта Кой-Ташта жүздөн ашуун адам жараат алды, алардын бири - атайын кызматтын офицери каза болду. Жабыркагандар арасында Атамбаевдин тарапкерлери да, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар. (RK)