Бишкек: 8-9-августтагы окуя боюнча 40тан ашуун киши кармалды

Бишкек. 8-август.

Бишкек шаарындагы 8-9-август түнү болгон окуялар боюнча 40тан ашуун киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, 9-августка караган түнү 1,5 миңдин тегерегиндеги беткапчан, таяк көтөргөн жаалданган кишилер Жогорку Кеңештин имаратына, супермаркет жана соода борборлорго кирүүгө аракет кылышкан. Мындан сырткары белгисиз жарандар коомдук тартипти бузуп, жолду тороого аракеттенишкен. Милиция массалык башаламандыктын, талап-тоноонун алдын алуу максатында атайын каражаттарды колдонду.

Учурда бул топту жолдон чыгарган уюштуруучуларды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бишкек милициясы коомдук тартипти бузууга аракет кылып, чагым кылууга мыйзам алкагында тыюу салынарын эскертти.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 9-августка караган түнү Бишкектин айрым жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары талкаланганын билдирген.

Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө.

8-августта Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетти. Ага чейин ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. Атамбаевдин тарапкери деген 500-600дөй адамдан турган жаалданган топ Кой-Таштан бери Бишкекке жөө келген. (КЕ)